Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Эксперт дүйнөдө дагы кандай ири терактылар болорун божомолдоду

Ар бир терактынын базалык милдети — баалуулуктарды жана адамдарды жок кылуу эмес, болгон окуяга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу, реакциясын жаратуу.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Окумуштуу, алдын ала божомолдоочу адис Сергей Переслегин террорчулук кооптуулуктары туурасында кеп кылып жана дагы ири терактылар кайда болушун адис катары божомол менен айтып берди.
Ал Sputnik Беларусь радиосунун эфиринде каршылыктын глобалдуу масштабдарын, кооптуулукту жана болуп кетчү терактылардын деңгээлин эске алганда кылмышкерлер адамдарды эле эмес, деңиз жана аба жолдорун бутага алышы мүмкүндүгүн эскерткен.
Окумуштуу, алдын ала божомолдоочу адис Сергей Переслегин
"Мен үч терактыны болжолдойм. Биринчиси — адамдарга багытталган, негизги максат — талкалоо, жок кылуу, өрттөө жана өлтүрүү. Бул Москвада да болот деп эсептегем. Себеби Россия согушуп жатат жана терактыны жаңжалга алып келип такап коюу мүмкүнчүлүгү бар. Мында катуу жаңылдым деп айтууга болбойт, себеби "Крокус" Подмосковьеде", — деди Переслегин.
Анын айтымына караганда, экинчи ири теракт чоң портторддо жасалышы мүмкүн. Маселен, Сингапур же Суэц каналы.
"Бул жер эл аралык соода үчүн абдан маанилүү жана бир нече өлкөнүн таасири бар аймак. Теракт үчүн суу аркылуу жүктөрдү ташууну азайтуу мааниге ээ болот", — деди окумуштуу.
Ал божомолдогон үчүнчүсү авиа, тагыраагы, 2001-жылдын 11-сентябрындагы жүргүнчү ташыган учактар кабылган каргашанын схемасы менен жасалган ири теракт болушу ыктымал.
"Террордук акт асман тиреген имараттарды эле талкалоо эмес, аэропортторду да иштен чыгаруу максатын көздөйт. Тагыраагы, учактарды колдонууда жеткиликсиз, кайсы бир убакка чейин такыр жолобой, пайдаланбай турган кырдаалды түзүү" , — деген Переселегин.
Эксперт ар бир терактынын базалык милдети баалуулуктарды жана адамдарды жок кылуу эмес, болгон окуяга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу, реакциясын жаратуу экенин белгиледи.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Тасмагамбетов: террорчулук согуштун гибриддик куралы катары колдонулууда