Райым жана Тилек Матраимовдор Бакудан кармалып, Бишкекке алып келинди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бир туугандар Райым жана Тилек Матраимовдор Азербайжандын Баку шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга маалымат булактар билдирди.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына январда издөө жарыяланган. Буга чейин УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.
Ал эми Тилек Матраимов көп жыл Кара-Суу районунун акими болуп иштеген. Ал кайсы иш боюнча кармалганы азырынча белгисиз.
Садыр Жапаров Райым Матраимов менен эки ирет жолукканын айтты