БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Крокустагы" теракт боюнча кармалган сегизинчи шектүү Касимов Алишер Хатамович Кыргызстанда туулган киши болуп чыкканы Басман сотунда айтылганын РИА Новости жазды.
Сотто ал батирин террорчулукка шектелип кармалгандарга эч нерседен шек санабай бергенин айткан.
"Касимов сотто террорчулардын планын билбегендигин жана батирин аларга интернеттеги "Авито" аркылуу бергенин айтты", — деп жазды РИА Новости Telegram каналы.
Аны сотко баш коргоо чарасын тандоо үчүн алып келишкен.
"Крокус сити холлдогу" теракт
Москва облусуна караган Красногорск шаарындагы Муслим Магомаев атындагы "Крокус сити холл" концерттик залына кол салуу 2024-жылдын 22-мартында кечке маал болгон. Имаратка кирип келген куралчан төрт адам ошол жердеги элди ата баштаган. Андан сырткары, бир нече жерге от коюшкан.
Россиянын Тергөө комитетинин соңку маалыматтарына таянсак, 137 адам көз жумган, анын ичинен үчөө — балдар. Бул карагашалуу окуя боюнча кылмыш иш козголгон.
Терактыны жасагандарды 23-мартта эртең менен автоунаа менен Украинанын чек арасына бара жатканда Брянск облусунан кармашкан. Алар Тажикстандын жарандары Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов аттуу адамдар экени айтылган. Дүйшөмбү, 25-мартта, ишке катышы бар деген шек менен дагы үч киши: Исроил Исломов, анын уулдары Аминчон жана Диловар кармалган.
Теракт жасалган күндүн эртеси Россия президенти Владимир Путинге 11 адамдын кармалганы боюнча маалымдашкан. Россия лидери терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына https://sputnik.kg/20240323/putin-krokus-terakt-video-kajryluu-1083682555.html убада берген.
Путин "Крокус сити холлго" радикалдашкан исламчылар кол салганын, анткен менен Москвага буюртманы ким бергени кызык экенин айткан. Россия лидери муну менен алардын коомчулукту дүрбөлөңгө салуу максаты коюлганын айтып, Россиянын алдында эми көп нерселерди аныктоо иштери турганын белгилеген.