Кеминде кытайлык инвесторлор ири завод куруп жатат. Сүрөт

Кеминде кытайлык инвесторлор ири завод куруп жатат
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, инвестициянын жалпы көлөмү 160 миллион долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кемин районунда клинкер өндүрүүчү "Терек-Таш" заводу иштей турганын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анын курулушунун жүрүшү менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров таанышты.
"Үстүбүздөгү жылдын август айында заводду ишке киргизүү күтүлүүдө. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 3 800 тоннаны (жылына 1 миллион тоннадан ашык) түзөт. Инвестициялардын жалпы суммасы 160 миллион доллар", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, клинкер өндүрүүчү ишкана кытайлык Sinoma компаниясы тарабынан курулууда.
Клинкер – бул курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот.
Кантта цемент заводунун клинкер чыгаруучу жаңы линиясы курула баштады
Кантта цемент заводунун клинкер чыгаруучу жаңы линиясы курула баштады