Кара-Сууда 18 жаштагы кыз инисин сайып өлтүрүп алган деп кармалды

Милицияга окуя боюнча маалымат 25-мартта түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз бир тууган инисин сайып өлтүрүп алган деп кармалды. бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 25-мартта РИИБге Кызыл-Кыштак айыл аймагында И.А. аттуу ѳспүрүм каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн. Маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам топ барып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө 18 жаштагы кыз 10 жаштагы бир тууган инисин учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы маалым болгон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, А.А. аттуу кыз кармалды", — деп жазылат маалыматта.
Шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо сот тарабынан аныкталары кошумчаланды.
Үчөөлөп сабап коюшкан... Токтогулда адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды