Радио

Мамытов: курал-жарактын дүйнөлүк экспортунун 38%ы АКШга туура келет

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Америка аскердик өнөр жайынын башка өлкөлөрдүкүнөн кескин айырмаланып турган багытына токтолду.
Sputnik
Дүйнөдөгү жалпы курал-жарак экспортунун 38 пайызы АКШга туура келет. Башка бир да мамлекет курал сатуу боюнча Америкадан озуп кете элек. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, АКШнын курал өндүрүүсүнүн негизги максаты — аны экспорттоо.
"2021-жылдагы маалыматтарга таянсак, Америка дүйнөлүк курал экспортунун 38 пайызын түзүп, биринчи орунга чыккан. Өлкө өкмөтү ушул эле жылы бул багытка 880 миллиард доллар бөлгөн. Албетте, ал түздөн-түз курал-жарак чыгарууга эмес, коргонуу багытына деп аталат. Бирок иш жүзүндө бөлүнгөн каражат курал чыгарууга кетет. Эмне үчүн деген суроо жаралат. Дүйнөдөгү башка мамлекеттерден айырмаланып, АКШ курал өндүрүп, сатууну негизги ишине айланткан. Керек болсо күчкө салып саткан учурлары тууралуу маалыматтар бар. Мисалы, ошол эле Бразилия өкмөтү истребителдерди алууну пландап, Түштүк Корея же Францияга буюртма бермекчи болот. Муну уккан АКШ өздөрүнүн дипөкүлчүлүгү аркылуу Бразилия өкмөтүн сүйлөшүүгө чакырып, эгер алар Американын истребителдерин албаса түрдүү санкцияларды салышарын айтышат. Бразилия айла жок сапаты начарыраак болсо да АКШда өндүрүлгөн истребителдерди алууга мажбур болот. АКШнын курал-жаракты минтип саткан учурлары ого эле көп. Муну өздөрүндөгү айрым эксперттер, экономисттер да жактырбай талкууга алып жүрүшөт. Америкада курал-жарак өндүрүшү 5-6 ири компанияга таандык, бул — бизнес. Ал эми башка мамлекеттерде, мисалы, ошол эле Россияны алсак, бул өнүдүрүштү мамлекет көзөмөлдөп, коопсуздук, коргонуу гана максатын көздөйт. Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшө турган киреше тууралуу сөз жок. Ал эми өзү курал-жарак өндүрүшүн жана экспортун приоритеттүү тармак катары караган Америка башка өлкөлөр бул багытка ыкташын жактырбайт", — деди Мамытов.
Ал ошондой эле АКШ фармацевтика экспортун да колго аларын кошумчалады.