Дарыгер витаминдерди ашыкча ичүүнүн кесепетин түшүндүрдү

Адис витаминдер комплексин ичүү концепциясы эскиргенин жана бул ыкма ката деп табылганын белдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ден соолукту бекемдөө максатында дарыгердин көрсөтмөсү жок ар кайсы витаминдерди, минералдык заттарды ичүү тетири натыйжа бериши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-терапевт Алексей Водовозов Sputnik радиосуна курган маегинде айтты.
Дарыгер витаминдер комплексин ичүү концепциясы эскиргенин жана бул ыкма ката деп табылганын белгилеген.
"Бир эле учурда 30-40 ингредиентти ичкендер бар, айрым витамин, микроэлементтер бири-бири менен айкалышы мүмкүн, айрымдары болсо бир учурда ичилгенде тескери жыйынтык берет. Тактап айтканда, алар бири-бирин нейтралдаштырат же болбосо жууп салат. Эгерде бир нече витаминди бир учурда ичүү зарылчылыгы болсо дарыгер адамдын организминин өзгөчөлүгүнө карап жазып берет", – деди Алексей Водовозов.
Дарыгердин айтымында, адам узак убакыт бою витаминдерди көп дозада ичсе гипервитаминоз пайда болорун белгиледи.
"Витеминдерди ашыкча ичүүнүн жыйынтыгы ич өтүүгө, теринин бузулушуна, аллергиялык реакцияларга жана гипервитаминозго алып келиши мүмкүн. Мисалы, D витамини организмде ашыкча болсо булчуңдар алсырап, чарчоо, кыжырдануу, уйкусуздук, ич катуу сыяктуу көйгөйлөр жаралат. А витамини ашыкча болсо адамдын боору кыйнала баштайт", – деп түшүндүргөн Алексей Водовозов.
Адис В3 жана В6 витаминдерин да өз өлчөмүндө ичүү зарылдыгын кошумчалады.
Жазында күүлүү-күчтүү жүрүш үчүн эмне кылуу керек? Адистин кеңеши