Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Терактыга шектүүлөрдү кармагандар сыйланышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдогу" терактыны жасаганга шектелип жаткандарды кармоодо өзгөчөлөнгөн россиялык аскерлерге ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Бул туурасында кабарлаган Sputnik Ближнее зарубежье видео жарыялады.
Бир нече аскер адамдары Каармандыгы үчүн, Согушта өзгөчөлөнгөнү үчүн медалдарын алышты.
Аны Ленинград аскер округунун кол башчысынын орун басары, генерал-лейтенант Эседулла Абачев тапшырганын РФтин Коргоо министрлиги билдирди.
Эске салсак, мындан үч күн мурда, 2024-жылдын 22-мартында, кечке маал Москванын жанындагы Красногорск шаарынын "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, от алып кетүүчү каражаттарды ыргыткан. Андан кийин имараттын бир катар жерлерин өрт чулгаган.
Россиянын Тергөө комитети 137 киши каза тапканын айтты, алардын ичинен үчөө балдар болуп чыкты. "Россия сегодня" медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.
Терактыга байланыштуу шектүү катары бир нече киши кармалып, камалды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Путин терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына убада берди