Салык кызматы декларация тапшыруунун акыркы аптасы калганын эскертти

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга административдик айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бир жумадан кийин аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзгөн дыйкан жана фермердик ишканалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен республиканын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга тийиш.
Мындан тышкары, жеке жактар менен жеке ишкерлер 1-майга чейин салык декларациясын тапшырышы керек.
Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга административдик айып салынат.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алса болот.
Радио
Жаӊы Салык кодекси кабыл алынды. Кимдердин салыгы азаят?