Ат-Башыда мергенчилердин республикалык мелдеши өттү. Сүрөт

Мелдешке Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунан 70тей көзгө атар катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында таамай атуу боюнча "Ак илбирстин олжосу" аталышындагы республикалык мелдеш болуп өткөнүн аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында таамай атуу боюнча "Ак илбирстин олжосу" аталышындагы республикалык мелдеш болуп өткөнүн аймактык кабарчы билдирди

2 / 3

Анын айтымында, мелдешке Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунан 70тей мергенчи катышкан

3 / 3

Иш-чара Ат-Башы мергенчилер жамаатынын демилгеси менен жана демөөрчүлүгү, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулган

Анын айтымында, мелдешке Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусунан 70тей мергенчи катышкан.
"Спорттук иш-чарага күчтүү деген мергенчилер катышып, 200, 300, 600 метр аралыкка чейин ыргытылган бутаны атышты. Мындан тышкары, эл аралык мелдештерге катышып жүргөн "Снайпинг" федерациясынын көз атарлары мастер-класс көрсөтүштү. Алар бутаны 1000 метр аралыктан атып, тажрыйбасы менен бөлүштү", — деди кабарчы.
Иш-чара Ат-Башы мергенчилер жамаатынын демилгеси менен жана демөөрчүлүгү, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулган.
Таластын "Ынтымагы" республикалык турнирдин чемпиону болду. Видео