Улуттук банктын алтын кору 137,3 млрд. сомго чейин өстү. Рекорддук көрсөткүч

Бир ай ичинде алтындын запасы 7,6 миллиард сомго кымбаттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Марттын башына карата Улуттук банктын алтын корунун баасы 137 миллиард 367,4 миллион сомду түздү.
Бир ай ичинде, тагыраагы, февралдын башындагы көрсөткүчкө салыштырганда алтын запасы 7,6 миллиардга кымбаттаган.
Мында жогорулоонун эмне менен байланыштуу экени такталып жатканын айтышты. Мурдагы рекорддук көрсөткүч декабрдын башында катталып, 136 миллиард 754,8 миллион сомго чыккан.
Кыргызстанда банктардын январдагы таза кирешеси 2,3 млрд. сомду түздү