Бишкек менен Ошто спорттун 16 түрүнөн студенттер чемпионаты өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында спорттун 16 түрү боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган иш-чара 25-мартта башталып, 28-апрелге чейин созулат. Негизги максаты дене тарбия жана спортту студенттердин күнүмдүк турмушуна киргизүү, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.
ЖОЖдор арасындагы чемпионат спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтүлөт:
баскетбол;
тогуз коргоол;
стол тенниси;
шахмат;
бокс;
кыргыз күрөш;
дзюдо;
оор атлетика;
самбо;
футзал;
сууда сүзүү;
ордо;
жеңил атлетика;
эркин күрөш;
грек-рим күрөшү;
кыз-келиндер күрөшү.
Бишкекте кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өтөт