Москвада жеңил өнөр жайынын евразиялык конгресси өтүп жатат

Иш-чаранын алкагында 200дөн ашуун өндүрүүчүнүн текстиль продукциясы сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Москвада жеңил өнөр жайынын "Легпром-СНГ+" деп аталган евразиялык көргөзмө-конгресси өтүп жатканын КМШнын Аткаруу комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара 21-мартта башталган, 24-мартта аякташы күтүлүп жатат.
1 / 3

Москвада жеңил өнөр жайынын "Легпром-СНГ+" деп аталган евразиялык көргөзмө-конгресси өтүп жатканын КМШнын Аткаруу комитетинин маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Иш-чара 21-мартта башталган, 24-мартта аякташы күтүлүп жатат

3 / 3

Конгресстин ачылыш салтанатында КМШнын баш катчысынын орун басары Ильхом Нематов жеңил өнөр жайы мамлекеттердин стратегиялык өнүгүүсүнүн маанилүү багыты катары кабылданарын айтып, экономиканын башка тармактары менен тыгыз байланышын белгиледи

"Көргөзмөнүн негизги бөлүгү Шериктештик алкагындагы өнөр жайынын мүмүкүнчүлүгү менен келечегине, ошондой эле тармактын өнүгүшү үчүн мамлекеттердин өз ара кызматташуусун арттырууга арналган эл аралык конференция болуп калмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Конгресстин ачылыш салтанатында КМШнын баш катчысынын орун басары Ильхом Нематов жеңил өнөр жайы мамлекеттердин стратегиялык өнүгүүсүнүн маанилүү багыты катары кабылданарын айтып, экономиканын башка тармактары менен тыгыз байланышын белгиледи.
Радио
Керимбаев: массалык тикмечиликтен бренд чыгарууга мезгил жетти