Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россия азыр согуштук абалда турат

Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россия согуштук абалда турат. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Аргументы и факты" басылмасына билдирди.
"Биз согуштук абалда турабыз. Ооба, бул атайын аскердик операция катары башталган, бирок өзүнчө топ түзүлүп, жамааттык Батыш Украина тараптан катыша баштагандан кийин биз үчүн согушка айланганы талашсыз. Баарыбыз муну өзүбүздүн ички мобилизациябыз үчүн түшүнүшүбүз керек", — деди ал.
Ошондой эле Песков Россия азыркыдай аракеттерин Украинанын аскердик потенциалы жарандардын жана аймактын коопсуздугуна коркунуч жаратпай калган мезгилге чейин улантарын белгилеген.
"Биздин федерациянын жаңы төрт субъектиси пайда болду. Азыр башкысы — бул субъектилерде жашаган элдин коопсуздугу жана регионду биротоло бошотуу. Бул аймакты де-факто киевдик режим оккупациялап алган", — деди маалымат катчы.
Анын айтымында, Россия жаңы региондорду айтпаганда дагы Крымды тартып алуу үчүн бардык ыкманы колдонууга даяр турган мамлекетти чек арага жакын жолотпойт.
ЖМК: АКШ Украинанын Россияга чабуулу мунайдын баасын көтөрөт деп түйшөлүүдө