Оюндарда дүйнөнүн ар кыл бурчунан келгендер таймашты. Жалпысынан 21 дисциплина боюнча турнир өтүп, 100гө чукул өлкөдөн 260тан ашык команда жана 2000 спортчу катышкан.
Кыргызстандан да оюнчулар катышкан бул иш-чарага мамлекет башчысы Садыр Жапаров барып, ата мекендик спортчуларды эне тилинде куттуктап келген. Ата-энелер балдарын компьютердик оюндардан алыстата албай жаткан доордо мындай долбоордун эл аралык деңгээлде ишке ашышы көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок. Аталган долбоордун келечеги, максаттары жана экономикалык пайда-зыяны тууралуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов менен маек курдук.
Экономист Улукман Мамытов: "Келечек оюндары" менен Россия илимдин жаңы багытта өнүгүшүнө чыйыр таштап, келечектеги инженерлерди алып чыгуучу платформа түздү
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Жакында эле Казанда "Келечек оюндары" долбоору болуп өттү. Батыштын түрдүү санкцияларына кабылган Россия үчүн мындай ири долбоорду өткөрүү эмне берет?
— Учурда жаш муундун спорттон алыстап, күн-түн дебей убактысын компьютердик оюндар менен өткөрүп жатканы айтылат. Ал тургай бул багытта ар кандай методикаларын сунуштагандар да пайда болду. Ата-энелердин көбү компьютердик оюндарды коркунучтуу бир желмогуз көргөндөй эле кабыл алса, кээ бирөөлөрү такыр эле тыюу салууга далалаттанышат. Бирок ага карабай эле бул нерсе өсүп келе жаткан муунду оп тартып бара жаткандай өзүнө арбайт. Мына ушундай учурда Россия Федерациясынын киберспорт боюнча өткөргөн эл аралык мелдеши абдан акылдуу чечимдердин бири болду. Албетте, азырынча жаңы гана башталып жаткандыктан экономикалык жактан пайдасы жок көрүнүшү мүмкүн. Бирок келечекте ал өлкөсүнө экономикалык чоң кирешелерди эле эмес, имидж алып келүү менен Россияны бул тармактагы илимдин, жаңычылдыктын ордосуна айлантышы мүмкүн.
Биз буга чейин спортко кызыккан кыз, уландар интеллектуалдык жактан анчейин деле суктандырбай турганын айтып эле келгенбиз, жакшы билебиз. Улутка же өлкөгө карабай дүйнө боюнча ушундай түшүнүк калыптанып калды, бул - факт. Спортчулардын арасынан илим, билимге кызыккандарын кезиктирүү өтө сейрек көрүнүш. Ал эми санариптик доор кулачын жайгандан бери, тескерисинче, жаштайынан бул жаатта өтө билимдүү, бирок дене тарбияга такыр кызыкпаган балдардын саны көбөйдү. "Келечек оюндары" долбоорун уюштуруу менен Россия мына ушул эки кемчиликти кошуп, ортосунан артыкчылык таап отурат. Ошону менен катар эле илимдин жаңы багытта өнүгүшүнө чыйыр таштап, келечектеги инженерлерди алып чыгууга платформа түздү десек болот. Долбоордун дагы бир акылдуу кадамы бул жогорудагы артыкчылыктарды ачууга шарт түзүү менен муундар ортосундагы ушул багыт боюнча жаралып келген түшүнбөстүктөргө чекит коюп, жаштардын канатын кыркпай, тескерисинче, кызыгуусуна жол ачып, ата-энелерди тынчтандырып, компьютер ойноп отурган бала деле келечекте коомго пайдалуу, өз орду бар кыйын адис болуп чыга аларын, анын хоббисин жакшы жакка пайдаланса болорун айгинелеп берди. Андыктан Россия ойлоп таап, уюштуруп өткөргөн бул долбоор соңку учурларда кабыл алынган өтө акылдуу жана пайдалуу чечимдердин бири болуп, тарыхтын жаңы барагын ачты.
Мамытов: Россия санкцияларга карабай, ал жактан келген командаларды меймандостук менен кабыл алып, спорт саясаттан тышкары болгондо кандай көрүнөрүн билдирди
© Sputnik / Максим Богодвид
/ — Оюн алгачкы эле жолу уюштурулуп жатканына карабай 100дөй өлкөдөн 2000дей спортчунун катышышы анын масштабынан кабар берет эмеспи. Демек, бул жерде өлкө имиджи да акыркы маселе эмес да?
— Албетте. Мелдеш биринчи жолу өтүп жатса да дүйнөнүн ондогон өлкөсүнөн катышуучулар келип, командалык дагы, жеке дагы оюндар өтүп, 21 дисциплина боюнча уюштурулушу, байгеге 10 миллион доллар коюлушу, ага келген миңдеген көрүүчү, 30дан ашуун өлкөнүн оюнду түз чагылдырышы келечектеги салмагын билдирип турат. Биз "келечек жаштардыкы", "балдар биздин келечегибиз" дей бергенибиз менен аларга анчейин деле көңүл бурбай, алардын мүдөөсүн жакшы түшүнбөгөн коом болуп бара жатканыбызды мына ушул "Келечек оюндары" долбооруна болгон жаштардын кызыгуусу, алардын катышуусу жана сүрөөнү, күйөрмандыгы тастыктап турат. Келечек муундун каалоосун, кыялдарын Россия эң мыкты түшүнүп, аларга үмүт берип, канатына канат кошкондой сезим калтырат. Эми алдыда өзүн санариптик технология багытында көргөн жаштар Россияга агылышы мүмкүн. Мындай ири мелдештин Казань шаарында өткөрүлүшү да бекеринен эмес. Анткени Казанда санариптик индустрия жакшы колго алынган. Россия мындай долбоорду кечээ ойлонуп эле бүгүн өткөрө салбаганы аны уюштуруу иштеринен, даярдыгынан көрүнүп турат. Федерациядагы бир топ техношаарчалардын пайда болуп жатышы буга далил.
Дагы бир кызыктуу жагдай, Россия "Келечек оюндары" долбоорун өткөрүү менен спорттук иш-чаралар саясаттан тышкары болушу керектигин көрсөттү. Чоңдордун "ынтымак", "биримдик" анан "спорт, искусство саясаттан тышкары болушу керек" деген куру сөз же кагаз жүзүндө калып кеткен убадалар иш жүзүндө кандай болушу керектигин ачыктап берди. Баарыбыз жакшы билебиз, буга чейин Батыш өлкөлөрү ошол эле Олимпиадада, башка маданий, адабий эл аралык иш-чараларда Россияны кодулап, желегин илдирбей, гимнин ырдатпай, спортчуларын катыштырбай, айтор, жеке саясий көз караштарынан улам бут тосуп келишти. Россия анын баарын унчукпай жутуп отурду. Арызданган жок, түрдүү дүйнөлүк, эл аралык келишим, документтерди алып чыгып далилдегенге аракеттенген жок. Унчукпай гана "Келечек оюндарын" өткөрүп койду. Болгондо да өзүнө карай Батыш өлкөлөрүнүн адилетсиздиги күчөп турганда, салынган түрдүү санкцияларга карабай ал жактан келген командаларды меймандостук менен кабыл алып, спорт саясаттан тышкары болгондо кандай көрүнөрүн билдирди. Спорттук жана маданий иш-чаралар чындап саясаттан оолак болушу керек. Россия муну эң сонун далилдеди.
Экономист Мамытов: заманбап лабораторияларга, студенттердин теорияны тажрыйба менен айкалыштыруусуна көңүл бурулса, бизден да турмуш-тиричиликке керектелчү роботторду жасагандар, уникалдуу инженердик долбоор жараткандар же кибер спорт чеберлери чыкмак
© Sputnik / Максим Богодвид
/ — Аталган мелдешке катышкан өлкө башчылары өз командаларын эне тилинде куттуктап, катышуучуларга жылуу маанай жаратышты. Бул да болсо оюндагы өзгөчө көз ирмемдердин бири болуп тарыхта калды. Кыргызстандан да киберспортчулардын катышканы кубандырат. Эми бул багытты өлкөдө өнүктүрүүгө басым жасоо зарылбы же табигый жол менен өнүгөбү?
— Долбоорду кийинки жылдары Казакстанда, андан соң Өзбекстанда өткөрүүнү ошол мамлекеттердин башчыларынын демилгелеши, мелдештин келечегин көрүп, ага катышуучу болуп калууга ынтызарлыгын билдирет. Ошол эле учурда бизден да спортчулардын катышышы бул багытта да таланттуу жаштарыбыздын бар экенинен, колдоого алып өнүктүрүү зарылдыгынан кабар берет. Албетте, күтүп отура бербей өнүктүрүү зарыл. Президент өзү барып катышып, мелдештин масштабын көрүп, биздин оюнчуларды жакындан байкап келди. Бул абдан жакшы көрүнүш. Мамлекет башчы өзү катышып жаткан соң тиешелүү органдар да керектүү учурда зарыл иштерди жасап, фижитал-спортту өркүндөтүү аракеттери жүрөт деп ишенем.
Бизде Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети бар эмеспи. Ошонун алдында атайын бир борбор түзүлүп, адистер окутулса да жакшы болмок. Лабораториясы тиешелүү заманбап жабдыктар менен жабдылып, студенттердин теорияны тажрыйба менен айкалыштыруусуна мыкты көңүл бурулса бизден да турмуш-тиричиликке керектелчү роботторду жасагандар, уникалдуу инженердик долбоор жараткандар же киберспорт чеберлери чыкмак. Анан, албетте, учурда курулуп жаткан концерттик, спорттук жайларга бул багытта келечекте мелдеш өткөрө ала турган зоналар кошо салынса жакшы болмок. Бул эми келечектин ичер суусу, жей турган тамагына айлана турган болгон соң биз да өз аракетибизди көрө беришибиз керек.