Абаны булгайт! Министрлик жалбырак өрттөбөөгө чакырды

Бул үчүн жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кургак чөптү, жалбырактарды өрттөө абаны булгайт, айлана-чөйрөгө зыян келтирип, өрт коопсуздугун жаратат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жашоочуларга эскертти.
Мекеме куураган жалбырактарды жер семирткич катары пайдаланууну сунуштайт.
"Өзүңүз да жалбырактарды өрттөбөңүз, айланаңызда өрттөп жаткандарды көрсөңүз өлкөдө буга тыюу салынгандыгын эскертиңиз. Бул үчүн жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Мыйзам бузуу болгон учурда министрликтин 108 кыска номерине чалып кабарлаңыз", — деди министрлик.
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек