Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө машыгууга келди. Сүрөттөр

Спортчу Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта Бивол машыктыруучусу менен Ысык-Көлгө машыгууга келгени айтылган.
"Бивол Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин билдирип, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады", — деп билдирди мэрия.
Ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын мэри спортчу менен жолугуп, шаардын символикасын белек кылган.
Ынтымактын жылы болсун! Садыр Жапаров элди Нооруз майрамы менен куттуктады