Бишкектеги аянтта Ноорузду кантип майрамдап жатышат. Видео

Бүгүн, 21-мартта, Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянтында концерттик иш-чара өтүп жатат. Аба ырайына карабастан миңден ашуун киши келди.
Sputnik
Майрамдоого президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышты. Өлкө башчы ар бир кыргызстандык үчүн бул жыл ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктин, өлкөбүз үчүн ынтымактын, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн жылы болушун каалады.
Калаа бийлиги тургундарга театрлаштырылган оюн-зоок, көргөзмө жана жарманкелерди уюштурду.