Оштун автопаркы оор техника, жеңил автоунаа жана автобустар менен толукталды

Бул ирет Ош шаарынын борбордук аянтындагы Нооруз майрамына Акылбек Жапаров катышып, андан ары шаарды кыдырган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясына оор техникалардын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясына оор техникалардын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды

2 / 3

Маалыматка ылайык, мэриянын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилген 100 автобус Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган

3 / 3

Ал эми оор техника шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында берилген. Мындан тышкары, жол кыймылын көзөмөлдөө жана жол коопсуздугун сактоо максатында жеңил унаалар Ош мэриясына ыйгарылган.

Маалыматка ылайык, мэриянын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилген 100 автобус Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган.
"Ош шаарында коомдук транспорт жетишсиз болуп келген. Жаңы алынган автобустар маселени жөнгө салууга өбөлгө түзөт. Автобустар 25 орунга ылайыкталып, 56 адамды батыра алат", — деп жазылган маалыматта.
Ал эми оор техника шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында берилген. Мындан тышкары, жол кыймылын көзөмөлдөө жана жол коопсуздугун сактоо максатында жеңил унаалар Ош мэриясына ыйгарылган.
Бул ирет Ош шаарынын борбордук аянтындагы Нооруз майрамына Акылбек Жапаров катышып, андан ары шаарды кыдырган.
Ынтымактын жылы болсун! Садыр Жапаров элди Нооруз майрамы менен куттуктады