1-апрелден тарта товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрөт

2022-жылдан бери биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарын колдоо үчүн интернет-дүкөндөрдөн өзү үчүн буюртма кылган товарлардын нормасы 1000 еврого чейин болуп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 1-апрелден тарта ЕАЭБге жеке колдонуудагы товарларды бажы төлөмү жок ташып келүү босогосу өзгөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдан бери биримдиктеги өлкөлөрдүн жарандарын колдоо үчүн интернет-дүкөндөрдөн өзү үчүн буюртма кылган товарлардын нормасы 1000 еврого чейин болуп келген. Башкача айтканда, эгер аталган суммадан ашпаса пошлина төлөнчү эмес.
Эми төмөнкүдөй учурда бажы төлөмү алынбайт:
товардын баасы 500 евродон жана/же 25 килограммдан ашпаса. Бул учактан башка транспорттор менен ташылган товарга тиешелүү.
баасы 200 евродон жана/же 31 килограммдан ашпаса. Бул почта же экспресс-жүк аркылуу алып келинген товарларга тиешелүү.
Радио
Экономист: кыргыз ишканалары ЕАЭБдеги тендерлерге катыша алат