БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кант шаарында кургак ыкма менен клинкер өндүрүү боюнча "Кант цемент заводунун" жаңы линиясын курууга капсула салынды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Жаңы технологиялык линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2500 тонна клинкерди же жылына 800 миң тоннаны түзөт.
"Долбоор импортту алмаштырууга жана экспортко багытталган. Бул тармак макроэкономикалык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизет", — деди министрлик.
Маалыматка караганда, 300 жумушчу орун түзүлөт.
Клинкер – бул курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот.