Чүй милициясы секелек кызды 9 бала зордуктап жүргөн деген окуя боюнча үн катты

Кыздын көрсөтмөсү боюнча зордуктады делген балдар суракка алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сокулукта зордукталды деген кыздын окуясы боюнча үн катып, "милиция чара көрбөй жатат" деген маалыматты четке какты.
Буга чейин Акыйкатчы институту Сокулук районунда 2009-жылы туулган кызды тогуз бала зордуктап жүргөнүн маалымдап, Сокулук РИИБи тарабынан кылмышкерлерди жоопко тартуу боюнча эч кандай чара көрүлбөй жатканын кабарлаган.
Облустук милициянын маалыматына караганда, быйыл 22-январда апасы 15 жаштагы кызынын (акыйкатчы 13 жашта экенин билдирген) жоголгонун айтып кайрылган. Милиция секелекти 19 күндөн кийин, 11-февралда Сокулуктагы мейманканалардын биринен тапкан.
"Профилактикалык сүйлөшүү учурунда ал буга чейин да бир нече жолу үйүнөн чыгып кеткени маалым болгон. Кыздын көрсөтмөсү боюнча зордуктады делген балдар суракка алынып, бардык экспертизалар дайындалган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен укуктук баа берилет. Ата-энеси "милиция чара көбөй жатат" деп айтканы чындыкка дал келбейт", — деп жазылат кабарда.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, окуя ИИМдин жана облустук милиция жетекчилигинин көзөмөлүндө турганы белгиленди.
Жалал-Абадда аялды зордуктоого аракет кылган учур видеого түшүп калган