Ош шаардык мэриясы Нооруздагы салтанаттын программасын жарыялады

Бул күнү саат 09:00дөн тартып борбордук аянтта ыр-бий, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, көргөзмө-жарманкелер, улуттук оюндар өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленет. Шаардык мэрия майрамдык программаны жарыялады.
Ага ылайык, бул күнү саат 09:00дөн тарта "Ноорузду даңазалоо" деп аталган оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театрлаштырылган концерт тартууланат.
Аянттын оң тарабына жети боз үй тигилет. "Кыргыз шырдак" аталышындагы көргөзмө-жарманке да өтөт. Мындан тышкары, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук тамак-аш жарманкеге коюлат. Шаардын борборун майрамда гүл жана жаңы көчөттөрдүн "Көктөм" көргөзмө-жарманкеси да көркөмдөйт.
Аянтта улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.
"Ошондой эле "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинде Ош мэриясынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтөт", — дешти мэриядан.
Ноорузда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы