БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата төрт күндүк эс алууда "Унаа" мекемесинин айрым гана бөлүмдөрү иштейт. Бул тууралуу Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 21-22-мартта бардык аймактык бөлүмдөр эс алат. Ал эми 23-24-мартта кээ бир бөлүмдөр штаттык режимде иш алып барат. Алар:
Бишкек шаардык бөлүмү, телефону: 0312 63-23-63, дареги: Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү, 2 ("Аю Гранд" соода борбору);
Аламүдүн бөлүмү, телефону: 0312 67-88-82, дареги: Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206;
Таш-Дөбө сектору, телефону: 0312 42-06-22, дареги: Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41;
Аймак аралык бөлүм, телефону: 0312 46-39-10, дареги: Военно-Антоновка айылы ("Риом-авто" унаа базары);
Сокулук-Москва бөлүмү, телефону: 0312 60-76-37, дареги: Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26;
Жалал-Абад аймактык бөлүмү, телефону: 03722 5-09-19, дареги: Жалал-Абад, Шопоков көчөсү, 32;
Ош-2 сектору, дареги: Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 ("Жапалак" унаа базары).
Агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча сунуштар же суроолор болсо 0701 51-00-40 номерине Telegram жана Whatsapp аркылуу байланышса болору кошумчаланды.