Балыкчы — Барскоон жолу качан курулуп бүтөрү айтылды

Трассанын узундугу 141 чакырымды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Балыкчы — Барскоон трассасынын курулушу 2026-жылы соңуна чыгарын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматта курулушту эки жеке компания менен "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатканы айтылат.
Мындан тышкары, учурда Барскоон — Каракол жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканы белгиленди.
Балыкчы — Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.
Төрөбаев 2024-жылы кайсы жолдор оңдоло турганын айтты. Тизме