2003-жылы 20-мартта АКШ жана анын союздаштары Багдадда массалык кыргын сала турган курал бар деген жалган шылтоо менен "Ирак эркиндиги" деп аталган согуштук операцияны баштаган.
Алардын максаты — өлкө лидери Саддам Хусейндин бийлигин кулатуу эле. Согуштун активдүү учуру 26 күнгө созулган.
Май айына карата коалиция мамлекетти толугу менен басып алып, анын аймагын оккупацияланган бир нече бөлүккө бөлгөн. АКШ Иракка кирип барган жети жылдан кийин талкаланган, жарандык согуштун отунда калган өлкөнү таштап, чыга берди.
Кийинчерээк Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору Багдадды биологиялык куралга ээ кылган программа жоктугун, ал эми Хусейн "аль-каидачылар" менен байланышпагандыгын билдирген.
2003-жылы апрель айында АКШ башында турган антиирактык коалициянын кириши менен Иракта бийлик кулаган. Оккупация кылгандар башкаруучу "Баас" партиясынын жана ирак армиясын таратып жиберген. Экс-президент Саддам Хусейн ошол жылдын декабрь айында камакка алынып, андан кийин жаңы бийликке өткөрүп берилип, 2006-жылы өлтүрүлгөн.
Тема боюнча: