Кара-Балтада ар өлчөмдөгү алтын куйма чыгара турган завод курулууда

Жаңы салынып жаткан завод "Кыргыз алтын" ишканасына таандык. Аны ушул жайда бүтүрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кара-Балта шаарында ар кандай өлчөмдөгү алтын куймаларын чыгара турган завод салынып жатканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, заводдун курулуш иштери менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышкан.
Жаңы салынып жаткан завод "Кыргыз алтын" ишканасына таандык. Аны ушул жайда бүтүрүү пландалууда.
Минкаб төрагасы Кара-Балта шаарына болгон сапарында бир катар ишкана, заводдордун иши менен да таанышкан. Анын ичинде 120 киши иштеген "Дан" мамлекеттик ишканасында болуп, өндүрүш цехтери, инвестициялык долбоорлор жана ишкананы өнүктүрүү, модернизациялоо боюнча пландарын көргөн. Ошондой эле Москва районундагы 100гө жакын адам иштеген көп функционалдуу консерва заводунда, керамзит чыгарган заводдо да болгон.
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи