Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат

Аба каттамдары 25-майдан тарта аткарыла баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Маалыматта россиялык "Урал аба жолдору" компаниясы 25-майдан тарта Бишкек — Сочи — Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарын жандантары жазылган. Рейстер жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылат.
"Манас" аэропорту буга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.
"Каракол" аэропортунун курулуш иштери аяктап калды. Сүрөт