"Конституцияда аялдардын жана эркектердин укук жана мүмкүнчүлүктөрү бирдей экени айтылган. Бирок укуктар тең болгону менен мүмкүнчүлүктөр ар кандай. Анткени аялдардын коом үчүн маанилүү репродуктивдүү функциясы бар. Мисалы, декретке чыкканда алар коомдук жана саясий турмуштан бир канча мезгилге обочолоно түшөт. Ошол эле убакытта жигиттер үй-бүлөгө алаксыбай окуп, билим алып, карьера жасай алат. Ал эми лидер аялдар асмандан эле түшүп калбайт. Ошондуктан аялдарды ар кандай тармактан колдоо зарыл. Алардын айрымдары, мисалы, шайлоодо атайын чаралар колдонулууда. Ишкер айымдарга жеңилдетилген насыялардын берилгени жакшы. Эми аялдарды окутуу, кадр катары тажрыйбасын өстүрүүгө, потенциалын көрсөтүүгө мүмкүндүк түзүү зарыл. Бул жагынан алганда президенттин жарлыгы менен аялдарды колдоодо дагы бир кадам алдыга жылдык", — деди Алтыбаева.