"Сунушталып жаткан Үй-бүлө боюнча жаңы кодекске жубайлар баш кошконго чейин бири-биринин ден соолугу тууралуу маалыматтарды камтыган медициналык карта менен таанышып чыгууну милдеттендирүү кирип жатат. Бул абдан туура кадам. Анткени мындай учурда улут саламаттыгы, мамлекеттин жарандарынын ден соолугу эле эмес, ошол үй-бүлөнүн өзү үчүн да жакшы болот. Айрым ооруларды алдын алып, операция же олуттуу дарыланууга жеткирбей айыктырганга өбөлгө түзүлөт. Менин иш-тажрыйбамда ушундай учурлар көп болуп турат. Алардын бири тууралуу айтсам, келиндин курсагы шишип кеткен. Текшерүүгө келгенде жүрөктүн үч клапаны тең жарабай калганы аныкталды. Мындай учурда стент коюуга туура келет. Анын эки түрү бар, бири — биологиялык, муну ар 10 жылда алмаштырып туруу зарылчылыгы бар. Муну койгон соң келин төрөй берсе болот. Экинчиси — механикалык. Ал коюлган учурда өмүр бою иштейт жана келин бала күтө албай калат. Биз муну жубайларга түшүндүрүп, алардын ойлонуп чечим кабыл алуусун өтүндүк. Экинчи учурда да келиндин жүрөгүндө илдети бар экени турмушка чыгып, кош бойлуу болгон соң гана аныкталып отурат. Операция жасоого туура келди. Эгер турмушка чыкканга чейин эле кайрылса дары-дармек менен эле айыктырып алмакпыз", — деди Мидинов.