Россия президентин шайлоо

РФтеги шайлоо: БШК бардык протоколдор саналып, Путин алдыда экенин айтты

Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин алдыда келе жатканын бардык протоколдор саналгандан (100 пайыз) кийинки жыйынтык көрсөттү. Бул туурасында РФтин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкенин Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Талапкерлердин алган добуштарын пайыздык көрсөткүчтөр менен карасак төмөнкүдөй:
Владимир Путин — 87,28 пайыз;
Николай Харитонов — 4,31 пайыз;
Леонид Слуцкий — 3,2 пайыз;
Владислав Даванков — 3,85 пайыз.
Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты. Мындан мурдагы жыйынтыктарда да Путин атаандаштарынан көп добуш алганы айтылган.
Россия президентин шайлоо
Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады