Бронхиалдык астмадан толук айыкса болобу? Дарыгердин жообу

Аллерголог астманын айрым түрлөрүндө кээ бир спорттук көнүгүүлөр зыян экенин айтып, ошол себептен спорт менен машыгып же дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаарда дарыгер менен кеңешип алууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Аллерголог-терапевт Арууке Мавланбекова бронхиалдык астма менен ооруган адам дартты жеңиш үчүн эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде түшүндүрдү.
Медиктин айтымында, негизинен бейтап өзүн дайыма көзөмөлдөп, убагы менен дарыланып турушу керек.

"Ошол эле учурда чылым чегүү өңдүү жаман адаттардан арылып, ашыкча салмак болсо аны азайтуу керек. Экология, дем алып жаткан аба да таза болушу зарыл. Анткени ыш, чаң оорунун өрчүп кетишин шарттайт. Муну менен катар үйдөгү аллергендерди да азайтуу кажет. Үйдү тазалап, жууп туруу маанилүү. Азыр абаны нымдаштыруучу ар кандай аппараттар бар. Анын пайдасы абдан чоң", — деген Мавланбекова.

Аллерголог астманын айрым түрлөрүндө кээ бир спорттук көнүгүүлөр зыян экенин айтып, ошол себептен спорт менен машыгып же дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаарда дарыгер менен кеңешип алууну сунуштаган.
Кычышуу, жөтөл. Кайыңга болгон аллергиянын белгилери