Россия президентин шайлоо

Бишкектеги россиялыктардын көбү добушун Владимир Путинге берди

Россияда президенттик шайлоо үч күнгө созулган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектен добуш берген россиялыктардын басымдуу бөлүгү Владимир Путинге добуш берген. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Эскерте кетсек, Россияда 15-17-март күндөрү президенттик шайлоо өтүп, ага төрт талапкер катышты. Акыркы күнү Кыргызстандын төрт шаарында да шайлоо участкалары ачылып, добуш берчүлөрдүн узун кезеги жаралган.
Акыркы маалымат боюнча, Россияда добуштардын 99,01 пайызы саналып бүттү. Анда добуштардын 81 пайызына ээ болуп Владимир Путин алдыда. Экинчи орунга 13 пайыз менен Владислав Даванков чыкты. Калган 1,5 пайызы Николай Харитоновду, 0,7 пайызы Леонид Слуцкийди шайлаган.
Россия президентин шайлоо
Көп улуттуу өлкөнүн эли бир үй-бүлөдөй. Путиндин шайлоодон кийинки кайрылуусу