БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкек — Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде карды атайын атып түшүрүү иштери улантылат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, жолдо унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.
"Кар көчкү түшүү кооптуулугу бар жерлерден кар атайын атып түшүрүлөт. Бүгүн иш Чүй облусунда жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ Жалал-Абад облусунда ӨКМ менен Коргоо министрлигинин кызматкерлери иштеп, артиллериялык экипаж 161 миң куб метр кардын массасын түшүрүшкөн.
Жолдогу кырдаалды билүү үчүн же кырсык болсо 112 акысыз номерине чалыңыз.