18-мартка карата аба ырайы

18-мартта республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас жеринде +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл облусунда +5…+10, Нарын чөлкөмүндө 0…+5 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош шаарларында +16…+18 градуска жетери айтылды.
Ноорузда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы