БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Крым менен Севастополь кимге таандык деген суроо жабылган. Жарым арал — Россиянын ажыратылгыс бөлүгү. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Крым жазынын" 10 жылдыгына карата видеокайрылуусунда билдирди.
ТИМ башчысы Крымдын жашоочулары мындан 10 жыл мурун өткөрүлгөн референдумда өз акылы жана тандоосу менен Россияга кошулуп, келечегин аныктаганын айткан.
"Кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү көрсөткөндөй, бул бирден-бир туура чечим болгон. Крымдыктардын өмүрүн, ар-намысын жана кадыр-баркын русофобиялык Киев режиминин кол салууларынан коргоого мүмкүндүк берди", — деди Лавров кайрылуусунда.
Министр бул жыл аралыгында Украинанын айынан жаралган көптөгөн көйгөйдү чечүүгө мүмкүн болгонун кошумчалады.
Лавров ошондой эле Крымда бардык жарандардын укуктары улутуна жана тилге болгон артыкчылыктарына карабастан катуу сакталарын айтты. Орус, украин, крым-татар тилдери ал жерде мамлекеттик тил катары эсептелип, статусу мыйзам тарабынан корголорун белгиледи.
Соңунда ал жарым аралдын тургундарын тарыхый окуянын 10 жылдыгы менен куттуктап, бакубатчылык каалады.