Садыр Жапаров борбордук мечитке барып элге ооз ачырды. Сүрөт

Ал мечитте чогулгандарга кайрылып жатып эмдөөдөн өтпөгөнү үчүн кызамыкка кабылган балдар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитинен шам намазын окуп, чогулгандарга ооз ачырды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитинен шам намазын окуп, чогулгандарга ооз ачырды

2 / 4

Мамлекет башчысы бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктап жатып дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырган

3 / 4

Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча, ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

4 / 4

Жапаров орозо кармагандардын бата, тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалаган

Мамлекет башчысы бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктап жатып дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырган.

"Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча, ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи", — деп билдирди Алагөзов.

Жапаров орозо кармагандардын бата, тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалаган.
Пейлибизди түздөйлү! Садыр Жапаров Орозо айынын башталышы менен куттуктады