БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бүгүн, 15-мартта, КМШ байкоочулары Россиядагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө мониторинг жасоону баштады. Бул тууралуу Миссиянын штабы билдирди.
Алар Россиянын 28 регионунда — Калининграддан тарта Ыраакы Чыгышка чейин иш алып бармакчы.
"Эл аралык байкоочулардын иши көбүнчө республикалык, облустук жана аймактык шайлоо органдарынын өкүлдөрү менен баарлашуудан башталат. Андан кийин аймактык комиссиялардын иши иликтенип, шайлоо участкаларына барып, ошондой эле добуш берүү процессине байкоо жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Аталган топ Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Молдовадагы участоктордо да байкоо жүргүзөт. Миссиянын курамына Кыргызстандан дагы байкоочулар кирген.