Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, кээ биринин аталышы өзгөрдү

Эки муниципалдык башкармалыктын аталышы өзгөрүп, Оштун аймагында муниципалдык, айылдык 9 башкармалык болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, айрымдарынын аталышы өзгөргөнүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары Ош шаарынын курамына кошулду.
Мындан сырткары, эки муниципалдык башкармалыктын аталышы өзгөрүп, Оштун аймагында муниципалдык, айылдык 9 башкармалык болуп калды. Алар:
№1 Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгы;
№2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы;
№3 Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы;
№4 Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы;
Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы;
Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы;
Жапалак айыл аймактык башкармалыгы;
Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы;
Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы.
Радио
Орозбаев: Кыргызстан үчүн 452 айыл өкмөт көп, ирилештирүү зарыл