Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон Россия жеңсе Европага ишеним жоголорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын Украина менен согушта жеңип чыгышы Европанын беделин түшүрүп, ага болгон ишенимди жоготот. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон жергиликтүү телеканалдардын бирине берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.

"Койгон максатыбызга жетүү үчүн бардыгын жасайбыз. Эгерде Россия жеңсе, француздардын жашоосу өзгөрөт. Коопсуздугубуз сакталбай калат. Украинадагы чатакта Европа менен француздардын коопсуздугу бычактын кырында турат. Россия жеңсе, анда Европанын бедели түшөт", — деген Макрон.

Ал Европага чатактын кесепети тийип жаткандыгын белгилеген.
"Муну Европадагы абалды көрүп, сездик. Алар: газдын, эгиндин баасы, экономикабыздагы кырдаал, согуштун кесепетинен тийген экономикадагы туруксуздук", — деген Франция президенти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Украинага Франциянын аскерлеринин кереги жок