Кыргызстанда мамлекеттик баалуу кагаздарды тиркеме аркылуу сатып алса болот

Инвесторлор баалуу кагаздарды брокердик компаниялардын кеңселерине барбастан сатып ала алышат. Бул үчүн жаңы платформа аркылуу электрондук кол тамга колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) онлайн сатып алды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Бакетаев мамлекеттик казынадагы векселдерди (МКВ) MegaPay мобилдик тиркемеси (Mega мамлекеттик байланыш операторунун электрондук капчыгы) аркылуу сатып алган.

"Пайыздык чендер жеткиликтүү. Биринчи этапта 15 пайызга жакын. Бул жакшы төлөмдөрдү кепилдеген депозиттин жеңил түрү", — деди министр.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды онлайн сатып алууга MegaPay тиркемесиндеги сервис шарт түздү. Ал Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) санариптик платформасына өтүүгө жана брокердик компаниялардын кызматтарынан пайдаланууга жол ачат.
Долбоор "Альфа Телеком" жана КФБ тарабынан Финансы министрлигинин колдоосу менен иштелип чыгууда. Инвесторлор баалуу кагаздарды брокердик компаниялардын кеңселерине барбастан сатып ала алышат. Бул үчүн жаңы платформа аркылуу электрондук кол тамга (санариптик келишим түзбөй эле) колдонулат. Сыноо мезгили аяктагандан кийин кызмат MegaPay тиркемесинин банктык каттоодон толук өткөн колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.
Буга чейин кызмат MEGA Investments деп аталганы маалымдалган.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат жана коммерциялык банктардагы депозиттерге альтернатива боло алат. Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөмдөр республикалык бюджетте каралган жана ар дайым өз убагында жүргүзүлөт. Ошол себептен мамлекет инвестициянын ишенимдүүлүгүнүн гаранты болуп саналарын Финансы министрлиги эскертти.
Радио
Молдокматов: ислам каржы системасы акчанын үстүнөн акча жасоону көздөбөйт