Бишкекте чөнтөк уурулук боюнча кылмыштуу беш топ таратылды

Шаардык милиция борбор калаада "Чөнтөк уурулукка жол жок!" деп аталган рейд өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкекте чөнтөк уурулук боюнча жасалган 40тан ашык иштин бети ачылып, кылмыштуу беш топ таратылып, жок кылынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Шаардык милиция январдан февралга чейин борбор калаада "Чөнтөк уурулукка жол жок!" аталышындагы рейд өткөргөн.
"Ага 400дөн ашык милиционер катышып, бир айда чөнтөк уурулук боюнча 40тан ашык кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр кармалган. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда тургандар да бар. Мындан тышкары, чөнтөк уурулук боюнча "адистешкен" кылмыштуу беш топ таратылып, жок кылынды. Шектүүлөрдөн ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор, сумка жана накталай акча табылып, алынган", — деп айтылат маалыматта.
ШИИБ чөнтөкчүлөрдүн тузагына илингендер болсо 0(554) 11-03-14, 0(706) 102-102, 0(707) 75-75-51, 0(703) 35-15-65 же 102 кыска номерине чалып, кайрылууну өтүндү.
Кыргызстанда мал уурулук үчүн жаза күчөтүлдү