Кыргызстан баңгизатка каршы жаңы технология менен күрөшүүдө. Каржыны РФ бөлгөн

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөшүүдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатканын ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Баңгизат боюнча комиссиясынын аталган долбоорун Россия каржылоодо. Анын бюджети 1 миллион 800 миң долларды түзөт.
ИИМ жетекчиси долбоордун алкагында өлкөгө учкучсуз учуучу аппараттар алынганын кабарлады. Ал ошондой эле Кыргызстан Россия жана Беларусь өлкөлөрүнүн профилдик ведомстволору менен кызматташып, дрон колдонуу боюнча бир топ тажрыйбага ээ болгонун кошумчалаган.
"Долбоордун аркасында Кыргызстан баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууда учкучсуз учуучу аппараттарды ийгиликтүү колдонгон аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ниязбеков менен Вершинин Венада (Австрия) өтүп жаткан БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жыйынынын алкагында жолугушту.
РКӨФ коммерциялык маалымат борборун курууга 1 млн. доллар бөлөт