Садыр Жапаров жаңы муфтийге өлкөдөгү диний жамааттарды бириктирүүнү тапшырды

Мамлекет башчы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушууга Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров да катышкан. Мамлекет башчы Абдулазиз Закировду муфтий кызматына шайланышы менен куттуктап, исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган.
"Демократиянын урааны менен өлкөгө түрдүү агымдар кирип келди. Натыйжада бир топ жамааттар пайда болду. Ар кими өз көмөчүнө күл тартып, меники туура дешет. Эми алардын башын бириктирип, ынтымакка чакырышыңыз керек. Билимдүү-билимсизи деле көчө кыдырып динди айтып жүргөнүнө баарыбыз күбө болуп жатабыз. Жат маданияттын, чала сабаттуулуктун кесепетинен ислам дини элдин көзүнө жаман көрүнүп, кээ бири башка баалуулуктарга, жаңы диндерге ыктап көтүүдө", — деди президент.
Абдулазиз Закиров президенттин тапшырмасы менен республиканын бардык аймактарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилеген.
Радио
Атабаев: ата-эне балага үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти түшүндүрүшү зарыл