Айлананы тазалайлы! Мэрия шаардыктарды ишембиликке чакырды

Муниципалитет таштандыны, өсүмдүк, тиричилик калдыктарын өрттөөгө болбой турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте өтчү ишембиликке карата жергиликтүү муниципалитеттердин башчылары жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Жолугушууда муниципалдык инспекциянын бөлүм башчыларына, аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө сейил бак, скверлерди көрктөндүрүү, жолдорду, тротуарларды жана унаа токтоочу жерлерди, газондорду тазалоо тапшырмалары берилди", — деп жазылат маалыматта.
Мэрия шаардыктарды да короо жайын тазалоого чакырып, таштандыны, өсүмдүк, тиричилик калдыктарын өрттөөгө болбой турганын эскертти.
11-марттан 11-майга чейин өтө турган ишембиликте муниципалдык инспекция күн сайын рейд жүргүзүп, бекитилген аймактардын экологиялык абалына мониторинг жүргүзөрү кошумчаланды.
Радио
Муниципалдык инспекция шаардын көркүн бузгандарга 7,8 млн сом айып пул салды