Депутат 15-мартты Аталар күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Аталар күнүн негиздөөнү демилгеледи. Ал иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Максаты — коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын белгилөө, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоо жана эркектин жоопкерчилигин жогорулатуу. Долбоор боюнча, 15-мартта майрамдалат, бирок дем алыш күн болуп саналбайт.
"Аталар күнү балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө жигердүү катышып жаткан аталарды даңазалоого мүмкүндүк берет. Мындай колдоо бала тарбиялоо эненин гана милдети деген стереотиптерди жоюуга өбөлгө болот. Ата менен уулдун ортосундагы эмоционалдык байланышты өнүктүрүүнү, сый-урматты калыптандырууну камтыйт", — деп жазылат маалыматтык негиздемеде.
Эл өкүлү аталарга арналган күн АКШ, Австралия, Италия жана Японияда майрамдаларын мисал келтирген.
Кыргызстанда "чоң үй-бүлө" түшүнүгү пайда болушу мүмкүн. Ага кимдер кирет?