15-мартка карата аба ырайы

15-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жума күнү республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Талас жеринде -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көл облусунда -2…+3, Нарын чөлкөмүндө 0…-5 градуска чамалап барат.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +12…+14 градуска жетет.
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстан боюнча 16-мартка чейинки аба ырайы