Айдарбеков: арабыздан 13 депутат кетти, унчукпай эле отура беребизби?

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков VII чакырылыш келгенден бери 13 кесиптеши мандатынан кол жууганын айтып, тынчсыздануусун билдирди.
Ал мындай кырдаалга төраганын реакция жасашын талап кылды.
"90 депутаттын 13ү кетти. Бул эмне? Анысы мыйзамдуу эмес экенин дайыма айтып жатабыз. Укуктарыбызды тебелеп-тепсеп жатышат. Мындай болбош керек. Жогорку Кеңеш — бийликтин бир бутагы. Унчукпай эле отура беребизби?" — деди Айдарбеков.
Ошондой эле өкүлү депутаттык комиссия түзүп иликтеп чыгууну сунуштады.
Парламентте Сооронбай Жээнбековду "экс-президент" макамынан ажыратуу сунушталды