БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Эгерде бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса АКШ бийлиги Кыргызстанга кысым көрсөтө баштайт. Себеби бөлүнгөн гранттар өлкөнүн ички саясатына таасир этүүчү курал болуп саналат. Бул тууралуу россиялык юрист, коомдук ишмер Илья Ремесло билдирген.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган "КМШ өлкөлөрүндө бейөкмөт уюмдардын ишин эмнеге жөнгө салуу керек" аттуу видеоконференцияда сүйлөдү.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырып, президент Садыр Жапаров документ Кыргызстанда иштеген бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирген.
Брифингде эгер мыйзам кабыл алынып калса АКШ ага кандай реакция кыларын сурашкан.
Ремесло мурда Россияда системадан тышкары иштеген оппозициянын дээрлик бардык өкүлдөрү АКШнын ар кандай бейөкмөт фондуларынан гранттарды ачык эле алышканын эске салган. Бул гранттар аркылуу Америка бийлиги Россиянын ички саясий иштерине түздөн-түз таасир этип, айрым өлкөлөр грант алууну бөгөттөп, ишти көзөмөлгө ала баштаганда эле катуу талкуулар башталып келгенин кошумчалаган.
"Кыргызстанда да бул тема катуу талкууланат. Башка багыттар боюнча жардам берүүдөн баш тартабыз деп Кыргызстандын өкмөтүнө кысым көрсөтүү аракеттери болушу мүмкүн. Эгер бул мыйзамды кабыл алсаңар, анда башка чөйрөдөгү каржылоону кесип, кайсы бир соода алаканы жабабыз деп коркутушу ыктымал. Аларда бейөкмөт уюмдар ички саясатка таасир этүүчү курал катары гана каралат", — деген эксперт.