Депутат Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды

Буга чейин Матраимов менен байланышы бар делген үч депутат мандатынан кол жууган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатынан ажыратылганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, эл өкүлү депутаттыктан кетүү боюнча өзү арыз жазып, аны БШК мүчөлөрү колдоп берген.
Осмонов №7 Ош округунан шайланган. Эми аталган аймакта мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.
Буга чейин парламенттин маалымат кызматы Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгып кеткенин кабарлаган. Жогорку Кеңештеги маалымат булактар аталган депутаттар Райым Матраимовго байланышкан иштен улам чет өлкөгө чыгып кетишкенин айтышкан эле.
Андан мурун бажычы Матраимов менен байланышы бар делген үч депутат: Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев жана бир тууган агасы Искендер Матраимов мандатынан ажыратылган.
Айдарбеков: арабыздан 13 депутат кетти, унчукпай эле отура беребизби?